Okunma Sayısı: 567

Жазуучу – гуманист, ойчул – демократ Ч. Айтматовдун антитоталитардык аракеттери. 

АБДЫРАХМАНОВ Т. А.

                                                                         т.и.д. профессор

Жазуучу – гуманист, ойчул – демократ Ч. Айтматовдун антитоталитардык аракеттери. 

        XX кылымдын экинчи жарымындагы Совет коомун демократиялаштыруу, саясий жана экономикалык эркиндикти жайылтуу, улуттук теңдик жана адилеттүүлүкө жетишүү идеялдары үчүн болгон аракеттер негизинен тоталитаризмдин жана шовинизмдин кысымына каршы багытталып, бул аракеттердин жүрүшүндө Т.Байжиев, Т.Саманчин, З.Бектенов, Р.Касымов сыяктуу кыргыздын мыкты уулдары «буржуазиялык улутчулдук» жалаасы менен сталиндик репрессиянын акыркы курмандыктарынан болушкан. Бул системанын курмандыктары болгон К. Кожомбердиев (Азамат Алтай) жана Т. Жакыпов сыяктуу азаматтар кыргыз элинин эркиндик менен теңдик үчүн аракеттерине  чет өлкөдө жүрүп дагы өз салымдарын кошуп келген. 

Кийинчерээк сталинизм, анын репрессиялык аракети ашкереленип, коммунисттердин саясатында «жылуулук» жышааны байкалганы менен анын тоталитардык табияты, шовинисттик адаты жана улуттарды ассимиляциялоо максаты калыбында эле кала берген. Ушуга жараша XX кылымдын акыркы чейрегиндеги протесттик аракеттер негизинен рухтун эркиндигин, кыргыз тили менен салттуу маданиятты жана улуттун баалуулуктарын коргоо көйгөйлөрүн камтып, тотолитар бийлик менен кармаш жогорку философиялык жана идеологиялык материалдардын тегерегинде жүргөн. Мындай аракеттерге каршы көнүмүш болгон тоталитардык репрессия чаралары колдонулуп, эркин көз карашта болуп, эркин ой жүгүрткөндөр мурдакыдай абакка алынып, атылбаганы менен жазуучулар Т.Сыдыкбеков, Т. Касымбеков, юрист К. Нурбеков, физик Р. Усубакунов, тарыхчы С. Аттокуров сыяктуу теңдик жана эркиндик идеалдарынын туу көтөрүүчүлөрү коомдук обструкцияга алынып, моралдык жана материалдык жактан чүнчүтүлүп, жапа чегишкен. 

        Натыйжада, алар коммунисттердин бийлигинин руханий оппоненттеринен руханий диссиденттерине айланышса дагы тоталитаризмдин идеологиялык жана моралдык негиздерин алсыратуу аркылуу көз карандысыз Кыргызстандын жаралышын жакындатууга өздөрүнүн тиешелүү салымын кошушкан. 

         Албетте, боштондук аракеттеринин бул этабынын негизги символу тоталитаризм менен маңкуртчулукка каршы чыккан Ч. Айтматов болуп, бул этаптын манифести анын чыгармалары болду. Ушул өңүттөн алганда, 2009-жылы жазуучунун 80 жылдыгына карата Санкт-Петербургда өткөн эл аралык симпозиумда россиялык окумуштуу С. Есин койгон «Ч. Айтматов советтик жазуучубу же антисоветтикпи?» деген маселе жана симпозиум тарабынан бул маселенин «антисоветтик» деп чечмелениши кыргыздардын көз карандысыздык үчүн аракетинин бул этабындагы Ч. Айтматовдун орду жөнүндө тана алгыс далил боло алат.

         Ч. Айтматовдун тоталитардык системага каршы чыгып, рухтун эркиндиги, жашоонун демократиялуулугу үчүн жана өлкөнүн эгемендүүлүгү үчүн болгон аракеттерин үч багытка же үч этапка бөлүп карасак болот. 

         Биринчи багыты же биринчи этабы XX кылымдын 80 – жылдарына чейинки мезгилди камтыйт. Бул мезгилде Ч. Айтматов өзүнүн адабий чыгармаларында соцреализмдин канондоруна туура келбеген каармандары жана идеялары аркылуу догмага айланып калган тоталитардык баалуулуктарга, көз караштар болумуштар менен  кубулуштарга альтернативалуу болгон руханий дүйнөнү жараткан. Анын чыгармаларында советтик системага, тоталитаризмдин руханий кулчулугуна карата астейдил протест жаралып, эбегейсиз бекем өңөдөнгөн тоталитаризмдин идеялык, нравалык, моралдык жана философиялык негиздерин солкулдатып, совет коомчулугун бир топ дүрбөлөңгө түшүргөн. Эң негизгиси, Ч. Айтматов Совет коомунда башталган терең кризистик көрүнүштөрдөн биринчилерден болуп кабар берген жана анын кесепеттери жөнүндө алдынала эскерткен. 

         Экинчи этабы XX кылымдын 80 – жылдарына туура келип, Ч. Айтматов эки ипостаста  аракеттенип, Советтик тоталитардык бийлик системасынын кулап, жок болушуна албан салымын кошкон. Бир жагынан, ал жазуучу – гуманист катары СССРдин тоталитардык саясий системасына каршы чыккан советтик атактуу жазуучулардын сап башында болуп өлкө менен коомду гумандаштырууга жана демократиялаштырууга чоң салымын кошкон. Белгилүү болгондой, 1985 – жылдан кийинки СССРдеги горбачевдук “Кайра каруу” жана “Жаңыча ой жүгүртүү” сыяктуу саясий доктриналар Совет мамлекетиндеги көп өзгөрүүлөрдү жараткан. Анын шарданы менен Совет коомчулугунун тоталитардык аң сезимин кескин өзгөрткөн жана эркиндик менен акыйкаттык үчүн көз карашты курчуткан М. Булгаковдун, А. Рыбаковдун, А. Солженицындын, Н. Шмелевдун, А. Приставкиндин, Б. Пастернактын, В. Распутиндин, В. Шаламовдун, Д. Граниндин, А. Платоновдун, В. Гроссмандын, Ф. Искендердин романдары менен повесттери биринен сала бири жарыяланып, совет коомундагы руханий бунтту жараткан. Албетте, булардын сап башында, жогоруда белгилегендей, кыргыздын жазуучу гуманистти Ч. Айтматов болгон. Ошондой эле, Ч. Айтматов пубилицист катары О. Лацис, В. Бовин, Ю. Карякин, Ф. Бурлацкий, А. Стреляный, Г. Попов сыяктуу курч калемдүү авторлор менен бирге коомдук – саясий темадагы бир нечелеген макалаларын советтик ири жана авторитеттүү “Правда”, “Известия”, “Литературная газета” сыяктуу газеталар менен “Новый мир”, “Огонек” сыяктуу журналдарына жарыялап турган. Муну менен Ч. Айтматов кыргыз коомчулугунда эле эмес, бүтүндөй Совет коомчулугундагы руханий кулчулукту жоюп, демократиянын жана эркиндиктин идеяларын кенен жайылтуу менен Совет өлкөсүндөгү комунисттердин тоталитардык системасынын кыйрашына, анын курамындагы элдердин эгемендүүлүккө ээ болушуна зор салымын кошкон.

         Экинчи жагынан, XX кылымдын 80 – жылдарындагы Ч. Айтматовдун СССРдеги коомдук – саясий ишмердүүлүгү абдан маанилүү болгон жана КПССтын тоталитардык бийлигин жоюп, СССРдин империялык системасын алсыратуу менен Кыргызстанга жана СССРдин башка элдерине демократия, эгемендүүлүк, эркиндикти алып келүүдө чоң роль ойногон.  Ушул өңүттөн алганда, Ч. Айтматовдун 1989 – жылы май – июнь  айларында болгон СССРдин Эл депутаттарынын Биринчи съездиндеги демократ – лидерлик позициясы жана  коомдук-саясий ишмердүүлүгүнүн тарыхий маанисин өзгөчө белгилөөгө ээ болгон. Кыргызстандын гана эмес бүтүндөй Совет мамлекетинин, М. С. Горбачевдун, КПССтин тагдырын чечкен бул съездде бир жагынан демократиялык  маанайдагы “Региондор аралык топтор”, экинчи жагынан либералдык позициядагы коммунисттер чөйрөсү Ч. Айтматовго чоң ишеним артышып, айрым өтө маанилүү жана опурталдуу маселелерди СССРдеги атактуу жана авторитеттүү жазуучуга тапшырышканы жөн жерден болгон эмес. Мисалы, СССРди коммунисттик тоталитардык системадан демократиялык түзүлүшүкө жеңил жана ийкемдүү жол менен өткөрүү үчүн бул өлкөнүн саясий конфигурациясын өзгөртүү, компартиянын гегемондук ролун жок кылуу аракеттерин ачык айтып, съездин трибунасынан жар салуу жана бул маселе  боюнча сунушту айтуу Ч. Айтматовго тапшырылган болчу. Алсак, М. С. Горбачевду СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы кылып шайлоо үчүн анын талапкерлигин алып чыгып, жарыялап жана депутаттарды добуш берүүгө ынандыруу Ч. Айтматовго ыйгарылганы белгилүү. Ошол кездеги авторитети абдан зоболоп турган Б. Ельциндин фонунда авторитети түшүп бараткан М.С. Горбачевду сүрөп чыгыш өтө  оор жана ар кимдин эле колунан келе турган иш эмес эле. Совет коомунун демократиялык өнүгүүгө багыт алуусунда жана өлкөнү КПССтин тоталитардык бийлигинен акырындатып бошотуу жолу менен кулатууда бул аракет абдан маанилүү жана опурталдуу болгон алгачкы жана биринчи кадам болгон. 

Түбөлүктүүдөй болуп сезилген коммунистердин тоталитардык бийлигин кулатуу жана Совет мамлекетинин өзүнөн өзү жоюулуп кетишинин көп себептерин айтып келишет. Мына ошол себептердин бири Ч.Айтматовдкн аракеттери болгон.

           Ал эми кийинки кадам СССРдин президенти кызматынын негизделиши жана СССРдин Конститутциясындагы КПССтин гегомондук  бийлигин мыйзамдаштырып келген №6 статьяны жоюп салуу болгон. СССР Эл депутаттарынын кезексиз III съездди 12 – 15 – март 1990 ж. өткөрүлүп, анын жүрүшүндө ушул нерсеге кадам ташталган. Бул иште дагы СССР Эл депутаттарынын ичинен Ч. Айтматов менен А. Акаев колдоочу добуштарын биринчилерден болуп беришип, керек болсо демилгечилердин арасында болушкан. Бул иштердеги негизги идея СССРдеги реалдуу бийликти КПССтин узурпациясынан куткарып, Концтитуция боюнча нагыз бийлик ээлери болгон Советтерге кайра кайтарып берүү болгон. Натыйжада, КПСС БКнын Генералдык секретары М. С.Горбачев 1989 – жылы СССР Жогорку Советинин төрагасы болуп, КПССтин үстөмдүк бийлиги менен Советтердин элдик бийлигин теңдесе, 15 – март 1990-жылы ал СССР Эл депутаттарынын кезексиз III съездинде СССРдин Президенти болуп шайланган жана 1991-жылы 24-августта КПССтин Борбордук комитетинин Генералдык секретары кызматынан баш тарткан. 

       СССР Эл депутаттарынын Биринчи съезддиндеги Ч. Айтматовдун коомдук – саясий ишмер катары жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн абдан маанилүү болгон башка жагдайлар болгон. Мисалы,  1986 – жылы декабрь айында Алматыда  болгон казак жаштарынын шованистик Москванын тоталитардык текеберчилик саясатына каршы болгон нааразычылык  акцияларына  карата  1987 – жылы июль айында КПСС БКнын  “казак улутчулдугу” жөнүндөгү адилетсиз токтомун жок кылуу маселесин көтөрүп  чыгышын, Өзбекстандагы “пахта мафиясынын” кылмыштуу иштеринен улам жаралган (1970 – ж. аягы 1980 - жылдар) жана алардын айынан бүтүндөй өзбек элин күнөөлөп келген “өзбектердин иши” аттуу түшүнүктөрдү токтотууну талап кылышын айтсак болот. Али да болсо тоталитардык бийлигин жүргүзүп турган КПССтын тушунда, али да болсо жашап турган Москванын советтик бийлигинин алдында бир чөлкөмдүн, ал чөлкөмдөгү элдердин кызыкчылыгын коргоп, Москвага каяша айтууга Ч. Айтматовдон башкалары ал учурда даай алышкан эмес. Айта кете турган нерсе, Ч. Айтматовдон кийин М. Шаханов саясий кайрылуу жасап, жогорууда айткан КПСС БКнын “казак улутчулдугу” боюнча адилетсиз токтому 1990 – жылы май айында КПСС БКнын  саясий бюросунун токтому менен саясий катачылык катары жоюлган болчу. 

        Албетте, Ч. Айтматовдун бул этаптагы коомдук – саясий ишмердүүлүгүндө СССРдин элдеринин, ошонун ичинде кыргыз элинин дагы, мамлекттик тилдери менен маданий өз алдынчалыгын  сактоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү аракеттери дагы бийлиги сакталып, келечектеги тагдыры али да болсо тумандап турган Москванын шартында оңой нерсе эмес болчу.

         Ч. Айтматовдун тоталитаризмге каршы аракеттеринин, демократия үчүн, эркин жана эгемендүү Кыргызстан үчүн болгон ишмердүүлүгүнүн үчүнчү этабы эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаралышы, эгемендүү Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү жана демократиялык багытта өсүп – өнүгө башташы менен байланышып, XX кылымдын 90 – жылдары менен XXI кылымдын  башталышына туура келет. Бул жылдары, биринчиден, Кыргыз эли кылымдардан бери көксөп келген жана ага жетиш үчүн нечендеген эр азаматтарынын өмүрүн берген эркин, эгемендүү, мамлекетүүлүккө ээ болду. Ал эми экинчиден, Борбордук Азияда комунисттердин бийлигинен баштарткан бирден бир демократиялык Кыргыз мамлекети жаралды. Бул тарыхий иштерде дагы мекенчил, жазуучу -гуманист, коомдук – саясий жана мамлекеттик ишмер Ч. Айтматовдун кошкон салымы абдан чоң экендиги айныгыс чындык.